04.04.2018 17:58

13-майда өтө турган жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого карата округ чек аралары бекитилди

13-майда өтө турган жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого карата округ  чек аралары бекитилди

КРнын БШКсы 2018-жылдын 13-майына дайындалган кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти. Бул тууралуу БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмүнөн билдиришти.

2018-жылдын 4-апрелинде КРнын БШКсы Аксы жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, 2018-жылдын 13-майына дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти.

Жалпысынан 6 шайлоо округу жана 7  шайлоо участкасы бекитилди.